СОҢКУ 3 ЖЫЛДА ӨЛКӨДӨ 189 МЕКТЕП ЖАҢЫ САЛЫНЫП, 43 МЕКТЕП ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Январь 2024 ж. 19:33

Көрүлдү: 1310

Мамлекет башчы акыркы үч жылда аймактарда билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп келет.

post.title

Алсак, үч жылдын ичинде республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындан сырткары 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.

2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасы карасак:

  • 2021-жылы 32 мектеп курулуп, 2 мектепке кошумча имарат салынып, 11 мектеп  капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 6 мектепке кошумча спорт залдар курулган.
  • 2022-жылы 34 мектеп салынып, 1 мектепке кошумча имарат, 1 мектепке отказан, 1 мектепке ашкана жана жатакана курулуп, 2 мектепке кошумча спорт залдар салынган. Ошондой эле 13 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.
  • 2023-жылы республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен 123 мектеп курулуп, 1 мектепке кошумча имарат салынды. Буга кошумча республикалык бюджеттен 19 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

Эгемен өлкөбүздүн тарыхында 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга берилди. Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :

  1. Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп,
  2. Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп,
  3. Баткен облусунда – 21 мектеп,
  4. Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп,
  5. Чүй облусунда – 18 мектеп,
  6. Талас облусунда – 11 мектеп,
  7. Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар