ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Январь 2024 ж. 17:45

Көрүлдү: 658

23-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучулар жана аларды таймашка даярдаган тренер, мугалимдерди кабыл алды.

post.title

Эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен окуучулар, мугалимдер жана тренерлерге Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мактоо баракчалары жана белектери тапшырылды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык 17 окуучу  математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш жана 13 коло медаль жеңип алышкан. Ошондой эле бул мелдеште кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушкан.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар