БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ «ОКУУ КИТЕБИ» БАСМА ҮЙҮ» МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИН ТҮЗҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Январь 2024 ж. 17:30

Көрүлдү: 712

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин басып чыгарууга адистешкен, басма иштерин толук кандуу жүргүзө алган мамлекеттик басма үйүн түзүүнү максат кылууда.

post.title

2023-жылдын 23-июнунда министрлик менен “Учкун” ААК ортосунда макулдашуу түзүлүп,  мамлекеттик басма түзүлгөнгө чейин окуу китептери боюнча басма иштерин аткаруу “Учкун” ААКга жүктөлгөн.

Белгилүү болгондой, мурда бул иштерди “Мектеп” басмасы аткарып келген, окуу-методикалык комплекстерди даярдоо иштери (компьютерге терүүдөн тартып басууга даярдаганга чейинки бардык жумуштар) басмада аткарылат.

Учурда министрлик тарабынан китеп басып чыгаруу жаатында жетишерлик тажрыйба топтогон компетенттүү адистер жана эксперттер менен бирдикте мамлекеттик басма түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Бул багытта министрлик республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылбастан, ички ресурстарды туура бөлүштүрүү менен көздөгөн максатына жеткиси келет. Башкача айтканда, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары министрлик өзү негиздеген же уюштурган “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору менен “Жаңы китеп” мекемесин кошуп, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүүнү максат кылууда.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын башында 7-класстын окуучулары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде 129 365 нускада "Адам жана коом" окуу китеби жана 3890 нускада мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жарык көрдү. Келерки жумадан тарта китептер мектептерге жеткирилип баштайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар