Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
19 Январь 2024 ж. 18:38
Көрүлдү: 1756
19-январда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылындагы Бүбүкан Алымбаева атындагы “Сезим” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болду.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын санын камтуу жана бала бакчаларды эффективдүү колдонуу максатында балдарды улуттук баалуулуктарга үйрөтүүгө, патриоттулукка тарбиялоого багытталган кошумча тайпа ачылды. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана каржылоосу менен ишке ашкан.
“Сезим” мектепке чейинки билим берүү уюму ачылгандан тарта 10 жылда 10 миллион 516 миң сомго долбоор тартылып, 1 млн 580 миң сомго кичи долбоорлор менен иш алып барылган. Ошондой эле тарбиялануучулардын туура тамактануусуна камкордук көрүү максатында 18 сотых жерге көмөкчү чарба уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук наркты сактоо, өнүктүрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, “Сезим” бала бакчасында элдик педагогиканы жайылтуу максатында улуттук стилдеги табигый, синтетикалык аралашмасы жок жүндөн токулган килемдер жана кийизден жасалып, экологиялык жактан таза, ыңгайлуу оюнчуктар, шырдактар жана Баткен араби килемдери пайдаланылат.