325 МУГАЛИМ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮГӨ АРЫЗ БЕРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Январь 2024 ж. 18:07

Көрүлдү: 1276

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан уюштурулган эксперттик комиссия педагогдорду квалификациялык категорияларга дал келүүсү боюнча ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына берилген документтерди экспертизациялоону баштады.

post.title

2023-жылдын 14-декабрынан 27-декабрына чейин аймактык билим берүү башкармалыктарына жана жалпы билим берүү уюмдарына ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыздарды санариптик каттоонун башталышы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.

Санариптик каттоонун жыйынтыгында 325 арыз келип түшкөн, анын ичинде:

Ош облусунан – 96,

Жалал-Абад облусунан – 56,

Ысык-Көл облусунан – 43,

Нарын облусунан – 30,

Талас облусунан – 29,

Баткен облусунан – 26,

Чүй облусунан – 17,

Ош шаарынан – 17,

Бишкек шаарынан — 11.

Тестирлөө түрүндөгү аттестациянын кийинки этабына кабыл алуу аттестациялануучу адамдын санариптик портфелинин талаптарга ылайык келүүсүн экспертизалоо жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, аттестация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана 2023-жылдын 4-августундагы №390 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы №351 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Анда мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу деп белгиленет:

      -  экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;

      -  биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;

      -  жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.

Белгилесек, аттестация ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Көз карандысыз аттестациянын жыйынтыгы категория ыйгаруу/же ыйгарбоо маселесине гана тийиштүү жана мугалимдин ишинин башка аспектилерине таасир этпейт.

Аттестацияга даярдануу боюнча маалыматтар кошумча берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар