БИШКЕКТЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДА ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Январь 2024 ж. 16:05

Көрүлдү: 464

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын математикалык жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн аныктоо жана колдоо, окуучулардын арасындагы атаандаштыкка жараша шыктуулардын өз ара чыгармачылык мамилелерин өнүктүрүү максатында математика боюнча республикалык олимпиада өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди.

post.title

2024-жылдын 3-мартында олимпиаданын I этабы онлайн форматта өтөт. 

Ал эми 2024-жылдын 17-мартында олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математика мектебинин (KSMS) базасында өтөт.

Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын, облустук усулдук билим берүү борборлорунун/институттарынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:

  • Олимпиаданы өткөрүү тартиби жөнүндө маалыматтарды мугалимдерге, окуучуларга жана алардвн ата-энелерине жеткирүүнү;
  • Олимпиаданын II баскычы өткөрүлө турган жерге окуучулардын белгиленген убакытта келүүсүн, жолдо жүрүү учурунда окуучулардын ден солугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун касыздоосу тапшырылды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар