КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА МАЛАЙЗИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Январь 2024 ж. 12:16

Көрүлдү: 1472

15-январда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген кыргыз делегациясы Малайзиянын мектептик билим берүүнү санариптештирүү процесстери менен таанышуунун алкагында Путраджайя шаарындагы мамлекеттик мектептин иши менен таанышты.

post.title

Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Медер Өмүркулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев бар.

Ошондой эле делегация Малайзиянын Билим берүү министрлигинде болуп, анда Санариптик технологияларды өнүктүрүү департаментинин жана Стандарттарды, окуу программаларын жана мазмунду иштеп чыгуу боюнча департаменттин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Башка өлкөлөрдөгүдөй эле, COVID-19 пандемиясы учурунда Малайзиянын өкмөтү мектептерде билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн бир катар чараларды көргөн. Бул максатта билим берүү тармагына бир катар санариптик технологиялар киргизилген. Атап айтканда, видеосабактарды жаздыруу жана аларды телевидение аркылуу берүү, окуучулардын жетишкендигин баалоо боюнча улуттук платформаны ишке киргизүү, ошондой эле окуу материалдарын, анын ичинде окуу китептерин санариптештирүү жана аларды интернетке жайгаштыруу иштери жүргөн.

2023-жылдын ноябрында Малайзиянын өкмөтү билим берүүнү өнүктүрүү боюнча санариптик программаны кабыл алган, анын алкагында Малайзиянын Билим берүү министрлиги DELIMA санарип платформасын ишке киргизген, анда бир катар административдик процесстер санариптештирилген, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча онлайн окутуу жүргүзүлөт.

Мындан тышкары Малайзияда билим берүүнүн маанилүү багыттарынын бири окуучуларга англис тилин үйрөтүү болуп саналат. Малайзиянын мамлекеттик мектептеринде DLP (Dual Language Program) программасы киргизилген, анын алкагында айрым класстар STEM предметтерди англис тилинде окушат. Орто эсеп менен Малайзиянын мектептеринде окуучулардын 10-15% DLP ыкмасы боюнча билим алат.

Алдыда билим берүүнү санариптештирүү багытындагы бир катар жолугушуулар пландаштырылган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар