Министр Болотбек Купешев Бишкектеги немец тилин тереңдетип окуткан №23 гимназияга барды

Автор: Борбордук аппарат

1 Декабрь 2021 ж. 21:12

Көрүлдү: 1021

Бүгүн министр Болотбек Купешев Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы №23 гимназиянын жетекчилигинин чакыруусу боюнча аталган гимназияга барды.

post.title

Министр 1952-жылы курулган мектептин имараты менен таанышып, муктаждыктары боюнча маалымат алды. Андан соң кенже класстардын окуучуларынын сабактарына катышты.

Б. Купешев гимназиянын эмгек жамааты менен да жолугушуп, баарлашты. Жолугушууда гимназиянын кенже класстары үчүн кошумча окуу корпусун куруу, физика, химия кабинеттерин керектүү жабдуулар менен камсыздоо, менчик үйү жок мугалимдердин турак-жайга жетүүсүнө көмөктөшүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде министр бул маселелерди чечүү үчүн министрлик тарабынан ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын, бардыгы каражатка барып такаларын, бул маселелерден өлкө жетекчилиги да кабардар экенин айтты.

Белгилей кетсек, республика боюнча ушул гана гимназияда кенже класстар үчүн бардык сабактар немец тилинде өтүлөт. Ал 1963-жылдан тартып немец тилин тереңдетип окуткан мектеп болуп саналат. 1992-жылы мектеп “гуманитардык гимназия” статусун алган. 1999-жылы гимназияга немец философу Иоганн Вольфганг Гётенин ысымы ыйгарылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар