ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН III ТУРУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Январь 2024 ж. 10:31

Көрүлдү: 1399

2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун III туруна каттоо башталды.

post.title

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-январда башталып, 17-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 20-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.

I жана II турда жалпысынан 362 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 288 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 270 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Эки турда тең эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түштү:

  1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 99,
  2. Ош мамлекеттик университети – 77,
  3. КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 42,  
  4. Эл аралык медициналык университети – 24,
  5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 22.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар