КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕР IMPACT ОЛИМПИАДАСЫНДА АЛТЫН, КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛДАРГА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Январь 2024 ж. 16:42

Көрүлдү: 1426

Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

post.title

Машыктыруучулардын арасынан “Газпром Кыргызстан” мектебинин машыктыруучусу Мамат Ишматов математика боюнча 70 упайдан 66 упай алып, күмүш медалга ээ болду.

Мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон окутуучулар:

Худайберди Гурдов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси физика предмети боюнча алтын медаль;

Талант Арыстанов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесиинформатика предмети боюнча күмүш медаль;

Азат Исмаилов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси физика предмети боюнча коло медаль;

Доктурбек Кудашов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси физика предмети боюнча коло медаль.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар