Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
14 Январь 2024 ж. 16:00
Көрүлдү: 1346
Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты.
Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.
Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышты.
Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
1. Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.
Тренерлери - Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.
Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.
3. Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;
4. Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.
Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.
5. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.
Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.
Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:
1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
3. Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;
4. Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;
6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
7. Джамалов Тенгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.
Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов.
9. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.
Тренери – Осмонов Медербек.
Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.