БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МЫЙЗАМДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Январь 2024 ж. 18:13

Көрүлдү: 1655

9-январда Билим берүү жана илим министрлигинде 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамды ишке ашыруу боюнча эксперттик талкуу өттү.

post.title

Талкууга Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги Рахат Мусаева жана Бишкек шаарынын мектеп директорлору катышты.

Министрдин айтымында кабыл алынган мыйзам адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү жана бирдиктүү билим берүү саясатын жүргүзүү максатында иштелип чыккан.

Талкууда сунушталып жаткан реформаларды баскычтуу ишке ашыруу сунушу айтылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар