ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ МЕКЕМЕСИ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫК ЖАНА ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИНИН КОНКУРСТАРЫН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ ТОКТОМ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Январь 2024 ж. 18:05

Көрүлдү: 1481

Кыргыз Республикасынын Президенти 2023-жылдын 28-декабрында “Ислам академиясы” мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

post.title

Ислам академиясы теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Ислам академиясына кабыл алуу республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алууга гранттардын чегинде жүзөөгө ашыруу каралган.

Жарлык 2024-жылдын 2-январында “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланган - https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/01/02_01_compressed.pdf

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2023-жылдын 22-декабрында “Жылдын мыкты мугалими жана “Жылдын мыкты тарбиячысы республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу Токтомго кол койгон.

Токтом 2024-жылдын 9-январында “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланган -https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/01/09_01_compressed.pdf

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар