9-10-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫША АЛЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Январь 2024 ж. 13:37

Көрүлдү: 1402

Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азия университети уюштуруп жаткан экономика боюнча II Эл аралык олимпиада өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азия университети уюштуруп жаткан экономика боюнча II Эл аралык олимпиада өткөрүлөөрүн маалымдайт.

Олимпиадага бардык мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары акысыз негизде катыша алышат.

Эл аралык олимпиада кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч этапта өткөрүлөт:

I тур онлайн форматта 2024-жылдын 19-22-февралында өтөт (40 мүнөт – 25 тест суроосу);

II тур 2024-жылдын апрель айында Бишкек шаарында катышуучулардын жеке катышуусу менен өтөт;

финал 2024-жылдын 1-4-сентябрында Грецияда өтөт. 

Мугалим мектепти олимпиадага каттатуусу керек. Каттоо төмөнкү шилтеме боюнча 2024-жылдын 30-январына чейин ачык: https://lp.econfun.org/olympiad-in-kyrgyzstan

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар