КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Январь 2024 ж. 13:23

Көрүлдү: 1337

Кыргызстандык окуучулар Алматы шаарында 2024-жылдын 8-январынан 13-январына чейин оффлайн форматында өтүп жаткан математика, физика жана информатика боюнча ХХ Эл аралык Жаутыков олимпиадасына катышууда.

post.title

Олимпиадага Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыниядан 600гө жакын катышуучудан 85 команда катышууда.

Өткөн жылы бул олимпиадада Кыргыз Республикасынын 12 окуучусу байгелүү орундарга ээ болгон.

Белгилей кетсек, олимпиада соңку үч жылда онлайн форматта өткөрүлүп келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар