ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Январь 2024 ж. 9:49

Көрүлдү: 1211

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталгандыгын маалымдайт.

post.title

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 8-январда башталып, 10-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.

Белгилей кетсек, I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

I турда эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түштү:

  1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 68,
  2. Ош мамлекеттик университети – 52,
  3. Борбордук Азиядагы Америка университети – 27,
  4. КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 25,
  5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12,
  6.  Эл аралык медициналык университети – 12.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар