МИНИСТР II ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА АЙТЫЛГАН АК-СУУ РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНЕН КӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Январь 2024 ж. 22:58

Көрүлдү: 1329

2024-жылдын 3-январында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева II Элдик курултайда айтылган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы М.Рахимова атындагы жана Т.Искаков атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.

post.title

Ак-Суу районунун Челпек айылындагы М.Рахимова атындагы орто мектеби 1970-жылы колдонууга берилген. Учурда мектепте 956 окуучу билим алып, окутуу эки нөөмөттө (смена) жүргүзүлөт жана 66 мугалим эмгектенет. Окуучулардын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыгына байланыштуу мектеп кошумча жаңы имаратка муктаж.

Ушул эле айылда жайгашкан Т.Искаков атындагы орто мектеби 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми тарабынан каржыланып салынган. 150 окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 222 бала билим алып, 23 мугалим эмгектенет. Мектеп толук капиталдык оңдоп-түзөөгө жана кошумча имаратка муктаж.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар