БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН САЙТЫНЫН ОКУРМАНДАРЫНА ЖАНА СОЦТАРМАКТАРДАГЫ КАТТАЛУУЧУЛАРЫНА КОЛДООСУ ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ!

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Декабрь 2023 ж. 0:24

Көрүлдү: 1737

2023-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ЖМК менен иштөө бөлүмү билим берүү жана илим маселелери боюнча калкка маалыматтык кызмат көрсөтүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоо максатында кыргыз жана орус тилдеринде ыкчам түрдө 1162 жаңылык жана 154 кулактандыруу даярдап, https://edu.gov.kg/ расмий сайты жана социалдык түйүндөрдөгү аккаунттар аркылуу таркатылды.

post.title

2023-жылы Facebook мессенжери аркылуу 617 контакт менен 927 кат алышуу болуп, бир жыл ичинде жаңы байланыштардын саны 35,5%га жогорулаган.

Ар бир иш күнү Фейсбуктан түшкөн суроолордун жана пикирлердин жыйындысы түзүлүп, тийиштүү бөлүм башчыларга жөнөтүлөт.

Жыл соңунда министрликтин Instagramдагы аккаунтуна жазылуучулардын саны 19,8 миңден 26,2 миң адамга чейин көбөйүп, 2462 маалымат жана 304 видео жарыяланды; YouTube – катталуучулардын саны 13 645 адамга чейин көбөйдү, анын ичинен быйыл 4,8 миң адам жазылды, бир жыл ичинде каналды көргөндөрдүн саны 366,1 миң адамды түздү. Telegram каналдагы жаңылыктарга жазылгандардын саны 1106дан – 1599га, Tik Tokто –1406дан 3013гө чейин өстү. Быйыл Tik Tokко 150 видео жарыяланып, аларды көрүүлөрдүн саны 60 миң адамга жеткен.

Жыл ичинде министрликтин Facebook баракчасына жазылгандардын саны 11 877 адамга көбөйгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу катталгандардын санынын өсүүсү 15,1%ды түздү. Жыл ичинде баракчанын камтылышы 762 824 адамды түздү, же өткөн жылга салыштырмалуу 2%га өстү. Натыйжада, катталгандардын жалпы саны 43 357 адамга көбөйүп, анын 35 025и баракчага "Жакты" белгисин койгон. Жыл жыйынтыгы боюнча "Жакты" белгисин койгондордун саны боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Фейсбук баракчасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарынын арасында лидер болуп саналат.

БИЗ СИЗДЕР МЕНЕН БИРГЕБИЗ!
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар