ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ЖАҢЫ ЖЫЛЫБЫЗ ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН, ТУРУКТУУ ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА БЕРЕКЕНИН ЖЫЛЫ БОЛСУН!”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Декабрь 2023 ж. 0:01

Көрүлдү: 1818

КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жаңы жылдык куттуктоосу:

post.title

“Урматтуу окуучулар, мугалимдер, ата-энелер жана жалпы Кыргыз Республикасынын жарандары!

Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл билим берүү тармагы үчүн абдан жемиштүү болду. Мамлекет өз тарабынан бардык бюджеттик колдоолорду көрсөтүп жатат. Бул биздин эмгек акыларыбыз, салынып жаткан мектептерибиз, ачылып жаткан бала бакчаларыбыз.

Урматтуу менин кесиптештерим!

Кийинки жылы биз сапаттуу билим берүү жаатында өзгөчө жаратмандык иштерди жасашыбыз керек. Ар бир жаш достордун билим сапаты жана тарбиясы үчүн бирдиктүү күрөшүүгө чакырамын! Кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин келечегин кептей турган, түбөлүгүн түптөй турган жаштарыбыздын сапаттуу билимге ээ болушу ар бирибиздин колубузда!

Жаңы жылыбыз туруктуу өнүгүүнүн, туруктуу тынчтыктын жана биз күткөн элибиздеги берекелердин жылы болсун! Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди бирге жараталы!

Жаңы жылыңыздар менен!"

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар