Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Декабрь 2023 ж. 18:27
Көрүлдү: 2117
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 7 мугалимге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамы ыйгарылды.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам:
|
Алишов Абдуллага |
– |
Ош облусунун Кара-Суу районунун Х. Таширов атындагы № 72 орто мектебинин дене тарбия мугалими; |
|
Алымбекова Токтобүбүгө |
– |
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригород жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
|
Бегалиева Шайырга |
– |
А. Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүүчү гимназия- интернатынын ардагери, Бишкек шаары; |
|
Дооранова Фаридага |
– |
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин биология мугалими; |
|
Дуйшеналиева Райкан Абдиловнага |
– |
Чүй облусунун Чүй районунун Маданият айылындагы Б. Маленов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
|
Кайдылдаева Гульнарага |
– |
Нарын облусунун Нарын шаарынын В.П. Чкалов атындагы № 2 мектеп- гимназиясынын башталгыч класстардын мугалими, директордун орун басары; |
|
Салиев Абдилдага |
– |
Ош облусунун Ноокат районунун Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернатынын ардагери; |