КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Декабрь 2023 ж. 16:54

Көрүлдү: 2385

«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24-27-декабрда Баку шаарында өткөн «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аттуу математика, физика жана химия боюнча VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.

post.title

Ян Бобрус математика боюнча жалпы 40 упайдан – 40 упай, физикадан –10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргыз Республикасынын курама командасына төмөнкү окуучулар кирген:

1. Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, 54 упай,

2. Жасурбек Тешабаев, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, - 26 балл,

3. Иса Мамытов, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу – 10 балл.

Команданын жетекчиси – химия боюнча эл аралык олимпиадасынын (ICHO) коло байге ээси Дооронбек Маметов.

Олимпиадага Кыргыз Республикасынан, Азербайжан Республикасынан, Грузия Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан жана Өзбекстан Республикасынан келген окуучулар катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар