СЫЙМЫКТАНАБЫЗ! КЫРГЫЗСТАНДЫК НУРКЫЗ ЫДЫРЫСОВА СТЭНФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ БИЛИМ АЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Декабрь 2023 ж. 17:57

Көрүлдү: 605

26-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү мыкты деп таанылган 5 ЖОЖдун бири Стэнфорд университетине тапшырган Нуркыз Ыдырысова менен жолугушту.

post.title

Нуркыз Ыдырысова Стэнфорд университетинин бакалавриатына тапшырган алгачкы кыргызстандык студент болуп саналат.
Ал техникалык багытта билим алууну көздөп, ракета жана космостук объектилерди куруу боюнча инженер адистигин тандап алган.

Нуркыз Ыдырысова Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиясында окуган, учурда Bishkek International School мектебинде билим алууда.

Белгилей кетсек, Нуркыз Ыдырысова гранттык негизде 4 жыл Стэнфорд университетинде окуйт жана окуу акысы 336 миң АКШ долларын түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар