WORLDSKILLSте ШИРЕТҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ, АШПОЗЧУЛУК ИШИ ЖАНА МОДА ТЕХНОЛОГИЯСЫНДАГЫ МЫКТЫЛАР ТАЙМАШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Декабрь 2023 ж. 17:27

Көрүлдү: 1692

26-27-декабрда облустарда жана республиканын борборунда ширетүү технологиясы, ашпозчулук жана мода технологиясы багыттары боюнча кесиптик лицейлер менен колледждердин окуучуларынын арасында WorldSkills аймактык таймашы өтүүдө.

post.title

Аймактык турдун жеңүүчүлөрү 2024-жылдын январь айында өтө турган WorldSkills республикалык чемпионатына катышат. Улуттук деңгээлде байгелүү орундарды багындыргандар 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында боло турган эл аралык сынакка барышат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде ашпозчулук боюнча мелдештин ачылыш аземине катышты.

Ал эл аралык сынакка катышуу Кыргыз Республикасын дүйнөлүк эмгек рыногунда көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп белгиледи. “Лиондогу мелдешке курама команда түзөбүз, чемпионатка олуттуу даярдык керек”, - деди Расул Абазбек уулу.

Расмий уюштуруучулар – Кыргызстандагы WorldSkills, КР Билим берүү жана илим министрлиги жана “КАСЕФ” коомдук фонду, иш-чаранын өнөктөштөрү – “Айко-Сейко” ЖЧКсы жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашыруу бөлүмү.

 

WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, максаты - бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар