ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Декабрь 2023 ж. 10:34

Көрүлдү: 1601

Ош мамлекеттик университетинин “Vit'oss” студенттер командасы Россия Федерациясынын Новосибирск мамлекеттик медициналык университетинде студенттердин жана жаш окумуштуулардын “Морфология жана хирургия” II эл аралык форумунун алкагында өткөн олимпиадада 2-орунга ээ болушту.

post.title

ОшМУнун студенттери олимпиаданын жүрүшүндө жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынына, жыныстык органдарына заманбап ыкмалар менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасашкан. Аны менен катар жарааттарды жабуунун бир нече ыкмаларын көрсөтүп беришкен.

Белгилей кетсек, олимпиадага КМШ өлкөлөрүнөн 14 команда катышкан.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар