РЕСПУБЛИКАДА 1883 МЕКТЕП ИНТЕРНЕТКЕ ТУТАШТЫРЫЛДЫ
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Декабрь 2023 ж. 16:56
Көрүлдү: 1622
Өлкөдө 1883 мектеп интернетке туташтырылса, алдыда 164 мектепти интернетке кошуу керек.
2023-жылдын 19-декабрына карата маалыматка ылайык:
- Ош облусундагы 532 мектептин 524ү интернетке туташтырылды,
- Жалал-Абад облусундагы 467 мектептин 411и,
- Чүй облусундагы 307 мектептин 243ү,
- Баткен облусундагы 237 мектептин 235и,
- Ысык-Көл облусундагы 191мектептин баары,
- Нарын облусундагы 139 мектептин 117си,
- Талас облусундагы 112 мектептин 101и,
- Ош шаарындагы 57 мектептин 56сы,
- Бишкек шаарындагы мектептердин баары интернетке кошулган.
Бөлүшүңүз