АНОНС! КОЛЛЕДЖДЕР ЖАНА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР WORLDSKILLS АЙМАКТЫК ТАЙМАШТАРЫНА КАТЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Декабрь 2023 ж. 16:23

Көрүлдү: 478

26-декабрда республиканын облустарында жана Бишкек шаарында “Мода технологиясы” адистиги боюнча билим алып жаткан колледждердин жана кесиптик лицейлердин студенттери арасында WorldSkills аймактык таймашы башталат.

post.title

Сынакка республика боюнча 51 окуу жайы, анын ичинде 9 колледж жана 42 кесиптик лицей катышат.

Сынактын жыйынтыгы менен республикалык деңгээлдеги сынакка катышуу үчүн 8 билим берүү мекемеси тандалып алынат. Улуттук деңгээлдеги жеңүүчүлөр 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык сынакка барышат.

Сынактын максаты - заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Мелдештин өтүү убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Өтүүчү орду:

Бишкек ш., И.Раззаков атындагы КМТУга караштуу ПК, Ч.Айтматов пр., 62;

Ош ш., Ош ИПК, Г.Айтиев көч., 4, ОшМУнун жатаканасынын имараты;

Жалал-Абад ш., ЖАМУ караштуу ЖАК, Токтогул көч., 16;

Кызыл-Кыя ш., Тоо-техникалык колледжи, Школьная көч., 27;

Балыкчы ш., ЫКИПК, Аманбаев көч., 208.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар