Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Декабрь 2023 ж. 16:11
Көрүлдү: 1222
Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектебинин директору Чыңгыз Туюкбай уулуна 5 даана персоналдык компьютер тапшырды.
Компьютерлер орто мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, оптималдуу шарт түзүп берүү максатында берилди.
Белгилей кетсек, Б.Исмаилов атындагы орто мектебинде ушул тапта 215 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенет.