“НООКАТ БИЛИМКАНАСЫ” ЖАТАК-ЛИЦЕЙИ ИЙГИЛИКТҮҮ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ДАЯРДОО ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН БӨЛҮШТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Декабрь 2023 ж. 15:51

Көрүлдү: 923

2023-жылдын 13-декабрында Ноокат районунун “Ноокат Билимканасы” жатак- лицейинде “Билимдүү муун- өлкөнүн келечеги” аталышында облустук семинар болуп өттү.

post.title

Семинарга Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмүнүн, усулдук кааналардын башчылары, облустун жана райондордун жетекчилери, мектеп директорлору жана 51 мугалим катышты.

Семинардын максаты –  окуу жайдын учурда алып барып жаткан жумуштары, өзгөчө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоонун усулдары, “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” артыкчылыктуу аттестатына даярдоо багыттары, предметтик олимпиадаларга даярдоонун жолдору жөнүндө тажрыйба бөлүшүү.

Семинардын жүрүшүндө лицей шарттарын, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн жаңы окуу корпусуна муктаж экендигин, ал үчүн долбоорлор менен иштөө милдети алдыда тургандыгын билдиришти.

Маалымат үчүн: “Ноокат Билимканасы” жатак- лицейинин 34 жыл ичиндеги 1358 бүтүрүүчүсүнүн 202 си өзгөчөлөнгөн аттестаттардын ээси: 32 алтын медаль, 124 – кызыл аттестат, 46 – “Алтын тамга” өзгөчө үлгүдөгү аттестатынын, 2 – Президенттин мактоо баракчасынын ээлери. Бүтүрүүчүлөр толугу менен жогорку окуу жайларга, 90% бюджеттик орундарга, 10% контрактык төлөм менен окууларга өтүшөт. Багыттары: 20% - медициналык, 20% - педагогика, журналистика боюнча, 20% - техникалык, 20% - иш башкаруучулук, ишкердик, финансы, экономика, 20% - ж.б. Бүгүнкү күнү ондогон бүтүрүүчүлөр – илимдин кандидаттары, докторлору.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар