МАМЛЕКЕТТИК 5 ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН РЕКТОРУ АТТЕСТАЦИЯЛООДОН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Декабрь 2023 ж. 15:27

Көрүлдү: 1577

Бүгүн, 22-декабрда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мамлекеттик жогорку окуу жайлардын, тагыраагы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин ректорлору аттестациялоодон өтүштү.

post.title

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылган аттестациялык комиссия төмөндөгү критерийлер боюнча ректорлордун ишине баа берет.

  • аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчет;
  • университеттин келечектеги ишмердүүлүгүнүн программасы;
  • бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу;
  • билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүк;
  • инфраструктуралык жана финансылык-экономикалык ишмердүүлүк.

Аттестация ЖОЖдун жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо максатында үч жылда бир жолу туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде ЖОЖдун жетекчисине маалымдалат.


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар