КЫРГЫЗ-ОРУС БИРГЕЛЕШКЕН МЕКТЕПТЕРИНДЕ НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Декабрь 2023 ж. 17:16

Көрүлдү: 504

21-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде кыргыз-орус биргелешкен мектептеринде негизги билим берүү программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме болуп өттү.

post.title

Кеңешмеге билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов, Кыргыз билим берүү академиясынын, жогорку окуу жайлардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда мектептерге жер бөлүп берүү, курулушу, билим берүү программасын иштеп чыгуу жана башка маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2021-жылдын февраль айында Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында долбоордук кубаттуулугу 1224 орунга ылайыкташтырылган 9 кыргыз-орус биргелешкен жалпы билим берүү мекмелерин куруу жөнүндө макулдашууларга жетишилген.

Жалпы билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзөт жана бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү - Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын күбөлүктөрү берилери пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде биргелешкен окуу программаларын талдоо жана иштеп чыгуу үчүн тараптардын квалификациялуу өкүлдөрүнөн турган эки тараптуу жумушчу топ түзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар