МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Декабрь 2023 ж. 16:11

Көрүлдү: 448

Бүгүн, 21-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Жарандар жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү, илим, билим берүүдөгү социалдык маселелер боюнча ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылышты.

Министр бардык кайрылуулар жана сунуштар эске алынып, мыйзам чегинде чечилерин билдирди.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 62-05-19

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар