ОШТО «КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ» АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Декабрь 2023 ж. 21:16

Көрүлдү: 595

Ош облусундагы кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуу сапатын жакшыртуу, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдерди табуу, тажрыйбаларын жайылтуу, чыгармачылык аянтча түзүүнү максат кылып, Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

post.title

Конференция алкагында жарыяланган сынактын "Мыкты илимий макала", "Мыкты сабак", "Мыкты класстан тышкаркы иш чара", "Мыкты мастер-класс" багыттарында жүздөгөн эмгектер келип түшүп, алардын ичинен уюштуруу тобу мыкты деп аныктаган 39 эмгектин авторлору иш-чарада өз тажрыйбаларын кесиптештери менен бөлүштү.

Жыйынтыгында мугалимдердин мыкты эмгектери аныкталып, авторлоруна Ош билим берүү институтунун, билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар