Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
18 Декабрь 2023 ж. 14:49
Көрүлдү: 519
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан, тагыраагы 110дон өткөндүгүн маалымдайт.
Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120,3 болду.
Жалпысынан кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышты. Анын ичинен тестти 436 адам – кыргыз тилинде, 466 адам – орус тилинде тапшырды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 1 миң 260 адам катышкан.