МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КЭР ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

13 Декабрь 2023 ж. 16:50

Көрүлдү: 1027

13-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Цзинань шаарынын вице-мэри Ян Ли жетектеген Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

post.title

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарын Цзинань шаарынын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн 200 стипендиялык орун менен камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Министр эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүндөгү динамикалуу өсүштү, ошондой эле эки элдин жакындашуусуна жана кыргыз-кытай мамилелеринин туруктуу өнүгүшүнө салым катары билим берүү уюмдарынын өнөктөштүгүн тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар