РЕСПУБЛИКАНЫН МЕКТЕПТЕРИ ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Декабрь 2023 ж. 10:16

Көрүлдү: 1058

Менчиктин бардык формаларында жана типтеринде окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары, 2023-жылдын 13-декабрынан 15-декабрына чейин онлайн окутууга өтөт.

post.title

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 13-декабрында туруксуз аба-ырайы сакталат эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына жана ата-энелердин өтүнүчтөрүн  эске алуу менен  ошондой эле балдардын коопсуздугуна  жол бербөө максатында окутууну онлайн форматка өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты.

Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

-         аралыктан билим берүү технологияларын, видео-сабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды пайдалануу менен жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү процессин онлайн форматта уюштуруу;

-         мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана жалпы билим берүү программаларын базистик окуу пландарына ылайык толук көлөмдө ишке ашыруу;

- температуралык талаптарга ылайык онлайн офлайн окуу процессин уюштуруу райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө чечим кабыл алууну милдеттендирүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар