Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
12 Декабрь 2023 ж. 15:48
Көрүлдү: 541
Урматтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйынын өткөрөт.
Маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары жана министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары катышат.
Башталышы: саат 10:00 Жери: И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз руху” жыйындар залы.
Терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы