БИШКЕКТЕ “АТАМ, АПАМ, МЕН - ТЕХНИКАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨ!” ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСУ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Декабрь 2023 ж. 12:59

Көрүлдү: 1571

11-декабрда Бишкек шаарында “Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!” эл аралык конкурсунун салтанаттуу ачылышы өттү.

post.title

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Москва мамлекеттик “СТАНКИН” технологиялык университетинен, Бүткүл россиялык “Орлёнок” балдар борборунан жана Казакстан Республикасынын “Бобек” Улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборунан келген коноктор катышты.

“Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!” эл аралык конкурсунун облустук туру 2023-жылдын ноябрь айында өткөн. Мында республика боюнча 200дөн ашык үй-бүлө катышып, ар бир облустан экиден үй-бүлө финалга жолдомо алган.

Мындан тышкары эл аралык конкурска Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын командалары катышат.

Конкурстун максаты – окутуу-тарбиялоо процессинде өнөктөш катары үй-бүлөнүн ролун күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында балдардын илимий-техникалык жөндөмүн өнүктүрүү анын маанисин жогорулатуу.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар