12-13-ДЕКАБРДА КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТ-2023 БАЛЛДАРЫН ЭСЕПТӨӨ БОЮНЧА КОНСУЛЬТАЦИЯЛАР ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Декабрь 2023 ж. 14:25

Көрүлдү: 347

Урматтуу абитуриенттер! КР ЖОЖдоруна кышкы кабыл алууда ЖРТ-2023 баллдарын эсептөө боюнча консультациялар онлайн жана оффлайн режимде өткөрүлөт.

post.title

Бишкек шаарына келе албагандар үчүн Онлайн-консультациялар WhatsApp: 0550 66-48-38 аркылуу жүргүзүлөт. Бул учурда абитуриенттин катталуу номеринин жана дептеринин номеринин туура толтурулушу текшерилет.

Оффлайн режимде консультация алуу үчүн абитуриенттер Билим берүү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун кеңсесине паспортунун көчүрмөсү менен келип, арыз тапшырышы керек. Абитуриенттер ЖРТ сертификатынын түп нускасын жана паспортун ала келип, консультация алуу үчүн белгиленген убакытта келиши керек.

Онлайн жана оффлайн-консультациялар 12-13-декабрда өткөрүлөт.

ЖРТ тийиштүү бардык суроолор боюнча Билим берүү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун кеңсесине дүйшөмбүдөн жумага чейин төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: (0312)66-48-38, (0502)66-48-38 (9.0дөн 17.00гө чейин, 12.00дөн 13.00гө чейин – түшкү тыныгуу) .

Кеңсенин дареги: Бишкек ш., Токтогул/К.Тыныстанов көч. 98.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар