МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ММУнун ФИЛИАЛЫН АЧУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Декабрь 2023 ж. 19:36

Көрүлдү: 1612

8-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган Россия Федерациясынын делегациясы менен жолугушту.

post.title

Тараптар Караколдо М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселелерин макулдашышты.

Жолугушуунун катышуучулары илим тармагындагы кызматташуунун багыттарын, ЖОЖдордун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнү талкуулашты жана Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын инновациялык жетишкендиктеринин жарманкесин уюштуруу сунушу боюнча пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти 2023-жылдын 5-октябрында ПЖ №250Каракол шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Анда жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ММУнун филиалын түзүү каралган. 

Шилтеме:

Жарлык - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/435124/10?cl=ky-kg&mode=tekst

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар