ОШ ОБЛУСУНУН МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА МУГАЛИМ ЖАНА УСУЛЧУЛДАРГА СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Декабрь 2023 ж. 18:40

Көрүлдү: 689

Ош облусундагы медиасабаттуулук боюнча мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү медиасабаттуулук боюнча жооптуу усулчулдар үчүн Араван районунда «Санариптик мейкиндиктерде медиа жана маалыматтык сабаттуулук: жамааттык глобалдык күн тартиби» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

post.title

Семинардын катышуучулары № 3 Алишер Навои, № 19 Салижан Шарипов, № 21 Насирдин Исанов жана № 24 Базарбай Жээналиев атындагы орто мектебинин медиасабаттуулукту жайылтуу жаатындагы иш-тажрыйбалары менен таанышты.

Облустук семинарды уюштурууга кошкон салымдары үчүн аталган мектептердин алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган мугалимдерин Ош билим берүү институтунун, ошондой эле Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар