БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Декабрь 2023 ж. 16:42

Көрүлдү: 1708

7-декабрда “Билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын өттү.

post.title

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Камила Талиева, КР Эл Баатыры М.Ш.Шеримкулов, академик С.Ж.Мусаев, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин кызматкерлери, борбордук аппараты жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, орто кесиптик окуу жайлардын директорлору катышты.

Жыйында министр Догдуркүл Кендирбаева “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” темасында жасаган баяндамасында балдарга предметтик гана эмес, кошумча окуу китептерин чыгарууда мамлекеттик тилдин артыкчылыктуу багыттарын сактоо жана талап кылуу билим берүүнүн башкы милдети деп белгиледи.

Министрдин айтымында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү, бүтүрүү экзамендери, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.

Ошондой эле министр райондук билим берүүгө келе турган жетекчилерди, мектеп жана кесиптик окуу жайлардын директорлорун кыргыз тилден тесттен өткөрүү талабы каралып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары Догдуркүл Кендирбаева шаарда ачылып жаткан бала бакчалардын баарын кыргыз тилинде ачууну жана мектепке чейинки билим берүү системасына бешик ырын, ал эми жаңы ачылган орус тилдүү мектептерге паралеллдүү кыргыз тилин киргизүү зарылдыгын белгиледи.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар