КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК STEM ОЛИМПИАДАГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Декабрь 2023 ж. 17:18

Көрүлдү: 428

Бишкек шаарындагы Е. Якир атындагы №61 автордук физикалык-математикалык мектептин окуучулары Астана шаарында (Казакстан) өткөн «Билим берүүдөгү инновациялар» Эл аралык STEM олимпиадасына катышты.

post.title

Окуучулар STEM предметтер боюнча өз билим деңгээлин сынашты. Олимпиадага Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 125 ашуун команда катышты.

Олимпиаданын максаты — мектеп окуучуларынын изилдөө потенциалын өнүктүрүү үчүн шартарды түзүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар