Министрликте өзгөчө кырдаалдарга көңүл буруу боюнча долбоор талкууланды

Автор: Борбордук аппарат

19 Ноябрь 2021 ж. 15:42

Көрүлдү: 1201

2021-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Борбордук Азия боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) координатору Мохаммад Тарик Хан да катышты.

post.title

Жолугушууда Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын азыркы абалы талкууланды. Атап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан өзгөчө кырдаалдарга көңүл буруу боюнча долбоорду, ошондой эле инклюзивдик билим берүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууда, андан тышкары, «Bebbo» уюлдук тиркемесин жана «Окутуу паспорту» санариптик окутуу системасын ишке киргизүү маселелери да талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар