МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Ноябрь 2023 ж. 16:16

Көрүлдү: 856

Бүгүн, 30-ноябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Министрдин кабыл алуусуна кирген жарандар STEM долбоору боюнча кызматташтык, ата-энелер менен балдардын ортосундагы жана мугалимдердин балдарга кылган мамилелери, өспүрүм балдар боюнча фильм тартуу, эл аралык юридикалык маселелер менен кайрылышкан.

Министр бардык кайрылуулар жана сунуштар эске алынып, мыйзам чегинде чечилерин билдирди.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 62-05-19

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар