КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА БАЛКАН ОЛИМПИАДАСЫНДА 5 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Ноябрь 2023 ж. 16:00

Көрүлдү: 2393

Кыргызстандык төрт окуучу Информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында (JBOI 2023) эки күмүш, эки коло медаль жеңип алышты.

post.title

Олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышышты.

Жеңүүчүлөр:

1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу - күмүш медаль;

2. Ян Бобрус, Бишкек Газпром мектебинин 8-классынын окуучусу - күмүш медаль;

3. Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу - коло медаль;

4. Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

Ошондой эле 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Словениянын Марибор шаарында өткөн Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль тагынды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.

Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасына Кыргызстандан үч окуучу катышты. Команда жетекчиси – Кылычбек Урайымов, команда жетекчисинин жардамчысы – Медер Осмонов.

Жыйынтыктарды төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот:

JBOI 2023 : https://jboi2023.cs.org.mk/sites/default/files/files/results-all.pdf

BOI 2023: https://boi2023.zotks.si/final-results/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар