ИЛИМДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Ноябрь 2023 ж. 14:18

Көрүлдү: 391

2023-жылдын 28-ноябрында өткөн Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин (ИТК) кезектеги жыйынында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

post.title

Жыйында Илимий-техникалык кеңеш учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын, көз карандысыз эксперттердин корутундуларын жана коомдук талкуулоону пайдалануу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн комплекстүү божомолунун негизинде илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн 7 багытын артыкчылыктуу деп аныктады.

Белгиленген багыттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешке бекитүүгө киргизилет.

Ошондой эле ИТКнын жыйынында мамлекеттик органдардан, жогорку окуу жайлардан мамлекеттик буйрутма (заказ) боюнча аткарууга келип түшкөн 179 илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин темаларынын актуалдуулугу, илимий жаңычылдыгы, сапаты, экономикалык натыйжалуулугу каралып, 2024-жылга конкурска жарыялануучу темалар аныкталды.

         

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар