ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: АҢГЕМЕЛЕШҮҮДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨН ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИ
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Ноябрь 2023 ж. 11:53
Көрүлдү: 2880
Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугуна тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер конкурстун кийинки этабы болгон аңгемелешүүдөн өтүштү.
2023-жылдын 28-ноябрында өткөрүлгөн тестирлөөдө 153 талапкердин тогузу тесттен өтүп, конкурстун кийинки аңгемелешүү этабына катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок тогуз талапкердин экөө өз каалоосу менен аңгемелешүүгө катышуудан баш тартты.
Конкурстук комиссия калган 7 талапкерди төмөндөгү тандоо критерийлери боюнча аңгемелешүүдөн өткөрдү:
- Окуу жайды өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга планы;
- Кызматтык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарды жана документтерди билүү;
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайларын өнүктүрүүнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларын билүү;
- Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайлардын ишмердүүлүгүн болжолдоо жана пландаштыруу, талдоо мүмкүнчүлүгү;
- Өндүрүштүк этика, баарлашуу стили, чыгармачылыкка жөндөмдүүлүк, ишкердүүлүк.
Жыйынтыгында конкурстук комиссиянын чечими менен 7 талапкердин алтоо аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өттү. Алар:
- Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна; талапкер;
- Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна;
- Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик окуу жайдын директорлугуна;
- Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна;
- Болот Иманалиев – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна;
- Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна.
Белгилей кетсек, тестирлөөнүн босого упайын топтобогон талапкерлерге конкурстун кийинки этаптарына катышууга жол берилбейт. Тесттен өтүү үчүн босого деңгээл ар бир багыт боюнча 70 пайызды түзөт.
Бөлүшүңүз