КМТУда “SCOPUS” МААЛЫМАТТЫК БАЗАСЫНЫН АЙМАКТЫК РЕСУРСТУК БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Ноябрь 2023 ж. 16:40

Көрүлдү: 412

2023-жылдын 23-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргызстандын 8 жогорку окуу жайы үчүн “Scopus” маалыматтык базасынын аймактык ресурстук борбору ачылды.

post.title

Борбордун ачылышына Elsevier компаниясынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин, Informascope компаниясынын башкы директору Киванч Чинар, Рабига Хожамкул - Elsevierдин Борбор Азия жана Азербайжан боюнча консультанты жана илимий иштер боюнча проректорлор катышты.

Илимий макала жазуу үчүн Scopus жана SciVal куралдарын колдонуу боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, ADAM университетинин, Салымбеков университетинин жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматкерлерине семинар-тренингдер өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Консорциуму менен Elsevier B.V. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. 

Консорциумга кирген 17 жогорку окуу жай Scopus эл аралык илимометрикалык базасына кошулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар