БИШКЕКТЕ БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Ноябрь 2023 ж. 15:55

Көрүлдү: 345

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкекте 70тен ашуун мекемелердин, кесиптик лицейлердин катышуусунда бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү.

post.title

Жарманкенин расмий ачылышына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил, JIA Бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы Жоодар Омошов катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жарманкеде жумуш табуу максатында келген жарандар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзмө-түз жолугушууга мыкты аянтча түзүлгөнүн белгиледи.
Гүлнара Баатырова жарманкеде Бишкек шаары боюнча бардык тармактардан 6 миңден ашуун бош иш орундары даярдалганын айтып, бүгүнкү иш-чара өлкөдөгү жумушсуздук менен күрөшүү саясатынын негизги натыйжалуу аспабы болуп саналарын билдирди.

Билим берүү системасы мамлекеттин өнүгүүсүнүн өзөгү, улуттук кызыкчылыктарды коргоодо негизги тутуму болуп эсептелет деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу.

“Өлкө боюнча 100гө жакын кесиптик лицей бар, алардын баарын модернизациялоо керек.   Келечектин чындыгы дипломдор эмес, көндүмдөр. Андыктан дипломдор үчүн эмес, көндүмдөр үчүн аракет кылып, күрөшүшүбүз керек”, - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр менен экспресс-маектешүүлөр, жарандарды ишке орноштуруу, кесиптик даярдоо боюнча кеңештер, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер талапкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча мастер-класстарды өтүлдү.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар