КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИ БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ 10 БАЛА БАКЧА ҮЧҮН МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМДАРДЫ БЕРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Ноябрь 2023 ж. 19:38

Көрүлдү: 469

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Бишкек шаарындагы 10 бала бакча үчүн материалдык жардамдарды өткөрүп берди.

post.title

Материалдык жардамдарды бүгүн, 28-ноябрда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага тапшырды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мамлекеттик саясат балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталып жатканын айтып, бул жааттагы Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендигин белгиледи.                                                 

Ошондой эле министр Кытай Эл Республикасынын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз кызматташтык уланарына ишеним артарын билдирди.

Элчи Ду Дэвэнь буга чейин билим берүүнүн бардык деңгээлине жардам берилгенин айтып, бул жолу бала бакчаларга керектүү материалдык жардамдар алынганын билдирди.

Бул материалдык жардамдар Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында берилди.

Материалдык жардамдардын тизмеси:

  • 10 даана компьютер;
  • 10 даана принтер;
  • 10 даана телевизор;
  • 130 даана балдардын образдуу элестетүүсүн өнүктүрүүчү оюнчуктар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар